Юрий Хованский - видеоблогер, рэп аткаруучу, режиссёр, музыкалык композициялардын автору. Ал жупунулук менен өзүн «тамашанын императору» деп атайт. Аны популярдуу кылган орусиялык Stand-up каналы. Бул 2021-жылы эң көп талкууланган адамдардын бири. Блогерге терроризмди актаган деген айып тагылган. Айыптар Хованскийдин чыгармачылыгын кылдат изилдөөгө дагы бир себеп болду. Июнь айында ал күнөөсүн мойнуна алган [...]