Жасмин - орусиялык ырчы, телеалпаруучу жана "Алтын граммофон" музыкалык сыйлыгынын бир нече жолку лауреаты. Кошумчалай кетсек, Жасмин MTV Russia Music Awards сыйлыгын алган орусиялык биринчи аткаруучу. Жасминдин биринчи жолу чоң сахнага чыгышы элдердин кол чабууларын жаратты. Ырчынын чыгармачылык карьерасы тездик менен өнүгө баштады. Аткаруучу Жасминдин көпчүлүк күйөрмандары жомоктогу каарман менен байланышкан [...]