Brothers Grim тобунун тарыхы 1998-жылдан башталат. Дал ошондо эгиз бир туугандар Костя менен Борис Бурдаевдер музыка сүйүүчүлөрдү чыгармачылыгы менен тааныштырууну чечишкен. Ырас, ал кезде бир туугандар “Магеллан” деген ат менен ырдашкан, бирок аты ырлардын маңызын, сапатын өзгөрткөн эмес. Эгиз бир туугандардын биринчи концерти 1998-жылы жергиликтүү медициналык-техникалык лицейде өткөн. […]